Кызын жанына алып иштеген таксист: «Элдин жардамы менен унаа алып, чакан бизнес баштадым»

4 жаштагы кызын жанына алып такси айдаган Нурилло Мухаммеджанов кыргыз элине ыраазычылыгын билдирет. Ал калктын жардамынан түшкөн акчага унаа алып, чакан бизнес да баштаган. «Бизнесим жанданып кетсе, уулумду өзүм алып карайм» деген тилекте ал. Каарманыбызга колдоо көрсөтүү максатында атырларды сатып алууну каалгандар @nisbet_parfume_bishkek баракчасына кайрылса болот.