“Майыпмын, эч кимге жүгүмдү арткым келбейт” дейт карылар үйүндө жашаган улгайган аял

Биздин бул жолку каарманыбыз Гүлжакан Байзакова. Ал кезинде турмушка чыкпай, балалуу да боло болгон эмес. Каарманыбыздын басуу мүмкүнчүлүгү чектелген. Ал 13 жылдан бери Бишкектеги улгайган адамдар жашаган жайда жашайт. Бул ирет дал ушул каарманыбыздын аянычтуу тагдырын баяндайбыз.