«Манас» аэропортуна бараткан жолдогу кырсык. Ата-энелердин ызасы, күйүтү

Бүгүн, 20-апрель күнү «Манас» аэропортуна бараткан жолдо жол кырсыгы катталып, андан 21 окуучу жаракат алганы маалымдалды. Учурда Шаардык балдар клиникалык ооруканасында жаткан балдардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө, бирөөсүнүн абалы өтө оор деп бааланууда. Ал эми калгандары ар кандай жаракат менен катталып, медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы айтылды. SuperTV телеканалы ооруканага барып, балдардын абалы менен таанышты.