Буга чейин редакциябызга «Машина сүзүп кетип, курсактагы баламдан ажырадым» деген келин акыйкаттык издеп жатканын айтып кайрылган ( • «Машина сүзүп кетип, к… ). Ал аны мындан 1 жыл мурда таштанды чогулткан унаа сүзүп кеткенин, анын кесепетинен 1 көзү көрбөй, буту жана колу ишке жараксыз болуп калганын айткан. Бүгүн редакциябызга «келинди сүзгөн мен болчумун, өз чындыгым бар» деп дал ошол таштанды чогултуучу унаанын айдоочусу кайрылды. Ал эч жакка качпаганын, бир нече жолу жабыралуучу тарап менен сүйлөшүүгө аракет кылганын айтты.
Итке таланган баланын окуясы. “Балам 2,5 жашында апасынан калган”
1-апрель күнү Бишкек шаарынын Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда 5 жаштагы Умарды иттер талап кеткен. Натыйжада бала ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган....









