Мектепке күчүгүн салып барган окуучу: “Автоматчан байке мени атып салабы деп корктум”

15-февралда социалдык тармактын колдонуучулары мектепке баштыкка күчүк салып барган окуучунун видеосу менен бөлүшкөн. Бүгүн биздин телеканалга дал ошол мугалимдерден сын уккан окуучу Алихан Дыйканбаев менен анын апасы Гүлкумар Дыйканбаева кайрылып, окуя тууралуу айтып беришти.