“Мен сутенёр эмесмин, бул окуя намысыма тийди” дейт кызды 8 жыл сойкулукка мажбурлады делген аял

Буга чейин редакциябызга 23 жаштагы кыз кайрылып, 14 жашынан бери сексуалдык кулчулукта кармалып келгенин айткан. Ал өз сөзүндө буга күнөөлүү деп Гүлзар аттуу адамдын атын атаган эле. Видео жарык көргөн соң “Ошол видеодо аты аталган адам менмин” деген адам окуя боюнча комментарий берерин билдирди. Ал “буга чейин айтылгандардын баары жалган” дейт.