Былтыр март айында SUPERTV каналына “Мени менен сүйлөшкөндөн да жийиркенишет” деген темада видео жарык көргөн болчу. Анда Догдуркан Турдуева аттуу эненин жашаган кепедей үйүн көрсөтүп, арманын, муңун укканбыз. Видеону бүгүнкү күнү 500 миңге чукул адам көрдү. Турдуевага көптөгөн кайрымдуу жарандар жардам кылып, бүгүн каарманыбыз заңгыраган 4 бөлмөлүү үй салып, анда жашап жаткан учуру. Догдуркан эже “элдин мага карата мамилеси өзгөрдү. Жакында үй той берем. Бактылуумун” дейт. Былтыр чыккан видеону бул жерден көрүңүз:
«Өкмөт жакшы иштеген жетекчини көпкө иштетсе болмок». «Кыялдын» кызматкерлеринин кайрылуусу
Редакцияга Бишкектеги "Ош базарында" жайгашкан "Кыял" ишканасынын кызматкерлери кайрылышты. Алардын айтымында, аталган ишканага жарым жылдай мурда эле дайындалган директору бир...