«Менин агам террорист эмес» дейт Казакстанда кармалган кыргызстандык музыканттын иниси

Буга чейин Казакстандын күч органдары Кыргызстандын жараны делген адамдын видеосун жарыялаган. Анда ал Алматы шаарына митингге катышуу үчүн барганын, ал үчүн 90 миң теңге убадаланганын айткан. Андан көп өтпөй, социалдык тармактын колдонуучулары видеодогу адам кыргызстандык белгилүү музыкант Викрам Рузахунов экенин жана анын казак жергесине байма-бай гастролдоп барып турарын жазышты. Бүгүн Бишкекте Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин алдында митинг өттү. Митингге музыканттын жакындары, маданият өкүлдөрү, активисттер катышты. Алар Рузахуновдун Алматыдагы башаламандыкка тиешеси жок экенин айтышты.21:05