“Наристенин күйүп калганын көрүп, түнү менен уктай албай чыккам” дейт өрт өчүргүч

Буга чейин “Тез жардам” кызматкеринин кесиби тууралуу видеоматериал тартып, жарыяласак, көпчүлүк өрт өчүргүчтүн да жумушун көргүсү келерин айтып, пикир калтырышкан. Бул ирет ошол идеяны ишке ашырууну туура көрдүк. Бул видеодо сиз 15 жылдан бери тилсиз жоого каршы иштеп келе жаткан Аизбек Кыдыралиевдин маегин көрө аласыз.