“Тузу оор кесиптер” долбоорубуздун бул жолку чыгарылышында базар ичиндеги ун ташып иштегендер тууралуу чагылдырууну туура көрдүк. Себеби бул жумушка кара күч жана эмгекчилдик талап кылынат. Таң эртеден тарта ун кампасынан башталган күн араба түртүп, ун ташуу менен өтөт. Жумуштун оорчулугуна карабай, ак эмгек менен акча таап, үй-бүлөсүн баккан мындай каармандар көпчүлүккө үлгү боло алат деп ишенебиз.
13 жылдан бери жууна элек кишиге жардам берген кыз
Интернет айдыңында Зайка деп таанылган Алтынай Султанбекова кайрымдуулукка багытталган контентти 3 жыл мурда баштаган. Блогер жан дүйнөсү менен жардамга муктаждарга...