Назира Бердигулова “Күйөөм чаарала деп кемсинтет” деген келинди таанылгыс кылып өзгөрттү

Эсиңизде болсо, 8-июнь күнү SUPERTV’га “Күйөөм мени “чаарала”, “тиши жок кемпир” деп кемсинтет. Ушундай кебетем менен мени бирөө алмак беле” деген келиндин видеосу жарык көргөн. Видео чыккандан көп өтпөй, ага жардам бергендердин саны арбыды. Алардын арасында теле алып баруучу Назира Бердигулова да бар. Каарманыбыз аны менен бирге  тиш доктурга, гинекологго барып көрүнүп, дүкөндөн кийинип, салонго барып сулууланып, алтургай калкты тейлөө борборуна да барып, паспорт алуу үчүн арыз калтырды. Бул видеодон сиз дал ошол келиндин кантип өзгөргөнүн көрөсүз.  Мурунку видеону ушул шилтеме аркылуу көрүңүз: