“Өгөй атам зордуктап коюп, төрөдүм. Азыр ал күйөөм” дейт 25 жаштагы келин

Бул жолку каарманыбыз 19 жашында өгөй атасы тарабынан зордукталып, көз жарганын айтат. Ал кийинчерээк дал ошол өгөй атасы менен бирге түтүн булатып, дагы бир наристелүү болгон. Бүгүнкү күнү буга чейин анын апасына күйөө болуп келген адам – азыр каарманыбыздын балдарынын атасы. Тагдыр сунган сыноону кабыл алып, балдарынын келечеги үчүн ушул шартка макул болуп андан ары жашоосун улантып жаткан каарманыбыз “менин окуям башкаларга сабак болсун” деп өз тагдырын баяндады.