«Ок тийип 15 саат жардам күтүп жатып калдым» дейт Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган чек арачы

Жолборс уулу Асан 16-сентябрь күнү туулган күнүндө Тажикстандын кол салуусунан жаракат алган. Учурда улуттук госпиталда дарыланып жаткан чек арачынын учурдагы абалы тууралуу маалымат алдык.