Өкмөт үйүнүн жанында үч митинг өттү

Бүгүн, 13-июнда Өкмөт үйүнүн имаратынын жанында бир убакта 3 митинг өттү. 400гө чукул жеке ишкер кассалык аппаратка каршы митингге чогулса, дагы бир чогулган топ жерлерди трансформациялоо жөнүндөгү жобону өзгөртүүнү талап кылышты. Ал эми дагы бир митинг ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бийликке турак-жай маселесин чечүүгө жардам берүү суранычы менен коштолду.