Октябрь окуясында колунан ажыраган жигит: «Биз баатырбызбы же төңкөрүшчүбүзбү, билбейм»

Былтыр октябрь айында орун алган башаламандыкка жакында бир жыл болот. Ал датаны утурлай, дал ошол кагылышты өз көзү менен көрүп, түрдүү жаракат алып калган мекендештерибиздин бири Ырыскелди Табышбек уулу менен маектештик. Ал жаракат алып, ооруканага жаткан убакта болочок келинчеги менен таанышып, кийинчерээк түгөйлөр баш кошушкан. Биз дал ошол жубайлар менен маектештик.