Пандемиядан кийин биринчи жолу. Эски аянтта Айт намазы окулду

2020-жылы жана 2021-жылы чектөөлөргө байланыштуу Айт намазы окулбай келген. Бүгүн муфтияттын эсебинде майрамдык намазга болжол менен 50 миңдей киши чогулду. Президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү да Айт намазга катышышты.