Подиум менен моделдик карьераны ат жалында каскадерлукка алмаштырган кыз

Диана Ашырбаева болгону 21 жашта. Ал көпчүлук кызыккан ошол эле учурда кооптонгон каскадерлук кесипти өздөштүрүп, ат үстүндө эр азамат жигиттерден кем калышпай кыйын-кыйын трюктарды аткара алат. Ат жалында шамал менен тең жарышкан бул каарманыбыздын ары кооптуу, ары кызыктуу кесиби тууралуу кененирээк ачып бергенге аракет кылабыз.