«Президент атамдын маселесин чечип берүүнү убада кылды» дейт SUPERTV’нын каарманы Адил

SUPERTV’нын 12 жаштагы каарманы Адил Абдурахимов президент Садыр Жапаровго жолугуп чыкты. Кичинекей Адил жолугушуудан чыккан соң, аны менен азыноолак маектештик. Ал өлкө башчыга кайрылуу жасаганы менен, иш жүзүндө чындап жолугарына анчейин ишене бербегенин айтты. «Президент атама байланышкан маселени чечип берүүнү убадалады, ал боорукер киши экен»- дейт каарманыбыз. Видеону толугу менен көрүп, пикир калтырыңыз.