Сабырбек Жумабеков министрге: «Мени кетире албайсыз. Дарыгерлер көргүсү келбей калды, сиз кетиңиз!»

Соңку күндөрү Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен 4-оорукананын директору Сабырбек Жумабековдун чыры коомчулуктун назарын буруп, талкуу чордонунан түшпөй жатат. Мунун баары министрдин Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун Шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасына айлантуу чечиминен улам келип чыкты. Бул аралыкта эки тараптын ортосунда бир топ сөздөр айтылды. Биз адегенде белгилүү дарыгер Сабырбек Жумабековдун иш бөлмөсүнө баш бактык.