“Садыр Жапаров күбө болду, президентти өкүл ата коёбуз” дейт футболдо сүйүктүүсүнүн колун сураган жигит

Кечээ, 7-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Бангладештин футболчулары беттешип, оюн 4:1 эсеби менен, талаа ээлеринин пайдасына аяктады. Оюнда күйөрмандар отурган бөлүктө «Жибек, ты выйдешь за меня?» деген баннер жайылып, жигит кыздын колун сурады. Биз кубанычы коюнуна батпай турган кыз-жигит менен маектештик.