#Собол​_TIME: Отчество эмес, матчество алууга макулсузбу? Элдин пикири

Буга чейин балдар жазуучусу Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын берген. Анын мындай кадамын Мамлекеттик каттоо кызматы мыйзамсыз деп таап, Капалованы сотко берген. Энесинин аты менен берилген документтерди жокко чыгарууга байланыштуу соттук териштирүү 25-февралда Свердлов райондук сотунда белгиленген. Бирок анда да судьянын жүйөлүү себептери болгонуна байланыштуу отурум 4-мартка жылдырылган болчу. Бул көрүнүш социалдык тармактарда талкуу болуп жатты. Буга байланыштуу «Сереп медиа» маалымат агенттиги элдин бул маселе боюнча пикирин угуп көрдү.