“Сокулукта 16 жашар кызды зордуктаган адам мени да зордуктап, канжалатып таштап салган”|20 жашар кыз

Мындан бир айга жетпеген убакыт мурда Чүйдүн Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын 16 жаштагы тургунун зордуктоого шектелип, 31 жаштагы жаран кармалган. Мындан улам, айыл эли шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан көчүп кетүүнү талап кылышкан. Ал арада шектүүнүн ата-энеси “уулубуздун кылыгы үчун элден кечирим сурайбыз” дешкен. Арадан көп убакыт өтүп, “ошол окуяда шектүү катары кармалган адам тарабынан мен да зордукталгам” деген кыз биздин редакцияга кайрылды.