Сокулукта зордукталган 16 жашар кыздын атасы: “Кызымды чачынан сүйрөп, колун, тишин сындырган”

5-декабрь күнү эртең менен 16 жаштагы кызды белгисиз бирөө Сокулуктун Кызыл-Туу айылынан Бишкек шаарына чейин ала кетүүнү убада кылып, унаасына салып, жарым жолдон күч колдонуп, зордуктаганы тууралуу маалымат тараган эле. Бул окуядан улам 7-декабрда аталган айылдын тургундары чогулушту. Алар шектүүнүн үй-бүлөсүн башка жакка көчүрүүнү талап кылышты. Ал эми жабырлануучунун атасы шектүүнүн буга чейин да ушул өндүү кылмыштарга катыштыгы болгонун жана кызынын учурдагы абалын айтып берди. Толугу менен видеодо.