Сокулуктагы зордуктоо окуясы. Шектүүнүн үй-бүлөсү 16 жаштагы кыздын жакындарынан кечирим сурады

16 жаштагы кыздын зордукталганы желдей тарап, жабырлануучунун жакындары, кылымышка шектүү 31 жаштагы жаранды үй-бүлөсү менен айылдан чыгып кетишин талап кылышкан. Бул чечим аксакалдар соту тарабынан кабыл алынып, үч күндүн ичинде чыгып кетүү талабы коюлган. Кылымышка шектүү тараптын үй-бүлөсү ошол күнү кечинде борбордогу батирлердин бирине көчүп келишкен. Биз экинчи тараптын ижарага алган үйүнө барып сүйлөшүп келдик.