«Сот башын жерге салып отурду. Ошондо иштин мыйзамсыз экенин түшүндүм” | Бактыбек Калмаматовдун апасы

22-декабрдын түнүндө саясатчы Бактыбек Калмаматов УКМК тарабынан аэропорттон кармалып, кийин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакта калтырылган. Бул ирет биз Жогорку Кеңештин экс-депутаты, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо “Азаттык” партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон Бактыбек Калмаматовдун апасы жана таежеси менен маектештик.