SUPERTV’нын оромо саткан кичинекей каарманы жоголуп, апасы издөө салат

2022-жылдын февраль айында SUPERTV телеканалы оромо сатып, үй-бүлөсүнө жардам берген Данияр аттуу ал кезде 12 жаштагы бала тууралуу видео тартканбыз.

Дал ошол каарманыбыздын апасы Гүлмира Мукамбетова жакында эле биздин редакцияга чалып, уулунун дайынсыз жоголгонун айтып, маалыматтык колдоо сурады. Мукамбетова уулу Даниярды көргөн-билгендер болсо милицияга кабар берүүнү суранат.