“Сүйлөп, уга албасак да, кафеде ашпозчу менеджер болуп иштейбиз” дешет 25 жашар эгиздер

Эльдияр менен Данияр 25 жашта. Экөө эгиздер. Биринин сүйлөө, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген. Экинчиси чала угуп, колунан келишинче сүйлөйт. Алар борбор калаада тез тамактануучу жайлардын биринде сендвич жасап иштешет. Биз бул ирет дал ошол иштерман жигиттер менен маектештик.