Сынга кабылган Олимпиада формалары. “95 миң сом мындай форма үчүн арзан” дейт дизайнер

13-июлда Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолугуш, андагы сүрөттөр интернет тармактарына тарап, кийинчерээк анын ар бир комплектинин баасы 95 миң сомду түзөрү белгилүү болду. Мындай баа, форманын дизайны көпчүлүктүн сынына кабылды. Биз талкуу чордонуна түшкөн дал ушул формаларды даярдаган дизайнер Дилбар Ашимбаева менен маектештик. Ал “мындай формалар үчүн 95 миң сом — туура эле баа” дейт.