Тагдыр. “Көчөдө калган баланы кошуналары берип кетишкен” дейт майып баланы баккан тарбиячы

Биз бул ирет 18 жаштагы өзгөчө жигит менен маектештик. Руслан жөрмөлөсө да бийлейт, ырдайт, сүрөт тартат, «отжимание» жасайт. Татардын уулу болсо да, кыргызчаны таза сүйлөгөн ал мындан бир топ жыл мурда аракеч апасы андан баш тартып, “Үмүт-Надежда” реабилитациялык борборуна таштап кеткенин айтат. Аны баккан тарбиячы “чүпүрөккө оролгон 4 жашар Русланды кошуналары алып келишкен” деп өткөн күндөрдү эскерет.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0773 29 88 79 (Элсом)