Тажик элчилигинин алдында «Стоп Рахмон» митинги өттү. Анда кандай талаптар коюлду?

Бүгүн, 14-апрелде Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдында «Стоп Рахмон» аталышындагы митинг өттү. Ага катышкан жарандык активисттер акция Тажикстандын Баткенге карата агрессиясына каршы максатта уюштурулганын билдиришти. Алар тажик тараптын провокациясына жана Баткен облусунун жай тургундарына ок чыгарып жатканына нааразычылыгын айтышты.