«Таң аткыча ушул жерде болобуз”. Бишкекте Баткенге гумжардам чогултуп 1000ге чукул ыктыярчы иштөөдө

Борбор калаадагы Спорт Ордосунда чек арада тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыркагандарга биринчи кезекте эң керектүү болгон буюмдарды чогултуп, ыктыярчылар иштөөдө. Күн-түн дебей кызматта турган алар элден келген тамак-аш, жуунучу каражаттар, дары-дармектерди бөлүп, жыйнап, таңгактап жүк ташуучу унааларга жүктөшүүдө. Биримдикте бир жеңден кол чыгара иштеген алар буюмдарды кабыл алып, жыйнап үлгүрбөй жатышканын айтышат. Толугу менен видеодо.