Тандырдын ысык табында күнүнө 500 нан жасаган наабайчы

Дилшат Абдухакимов күн сайын таң агара электе наабайканага жөнөйт. Ал 3 жылдан бери ак эмгеги менен нан таап келет. “Үйдө кыз киши жок болгонунан нан жаап үйрөндүм” деген анын бир күндүк ары татаал, ары оор кесиби жөнүндө айтып, көрсөтүп беребиз.