«Таңкы саат 4тө келебиз, айлык 10-15 миң сом, кесибимди сүйөм» дейт троллейбус айдоочу

Асем Мударисова 28 жашта. Шаар жүргүнчүлөрүн ташып эмгектен кезектеги каарманыбыз айдоочу кыз-келиндердин эң кенжетайы. Ал бул жумушка 21 жашынан келип, ушул жерден өмүрлүк жолдошуна жолугуп, үй-бүлө күтүп, акыркы 7 жылдан бери эмгек жолун улантып келет. «Алгач айдоочуулукка деле кызыгуум жок болчу» деген Асем азыркы учурда эң алдыңкы троллейбус айдоочулардын бири.