Токтогулда асынды делген келиндин окуясы. Өлүмгө түрттү деп айыпталган келиндин абысыны эмне дейт?

Ушул жылдын 2-ноябрь күнү Жалал-Абад обулусунун Токтогул районунда 24 жаштагы келиндин жансыз денеси өзү жашаган үйүнүн короосундагы мал сарайдын ичинде жипке асылган абалда табылган. SUPERTV телеканалы аталган окуя боюнча 19-ноябрь күнү маркумдун жакындарынын пикирин уккан. Анда маркумдун жакындары өлүмгө келиндин жолдошун жана абысынын айыпташкан эле. Видео жарык көргөн соң дал ошол видеодо аты аталган маркумдун абысыны биздин редакцияга байланышып, өз чындыгы бар экенин билдирди. Бул видеодо сиздер Назира Иметкулованын окуя боюнча пикирин угасыздар.