“Төрөттөн каза болгон жубайымды ойлоп, балдарымдан жашынып ыйлайм” дейт 5 баланын атасы

Өмүрбек Суранбаев акыйкат издеп, колуна толгон-токой кагаздарын көтөрүп борбор калаага келди. Ал төрөттөн каза болгон 42 жаштагы жубайын жоктоп, анын өлүмүнө күнөөлүүлөр жазасын алсын дейт. Бул видеодо 5 баласы менен жалгыз калган Суранбаев жана апасын сагынып ыйлаган 16 жашар баланын маегин көрөсүз.