“Төшөк тигип бизнес кылып, үйлүү, унаалуу болдум” дейт басуу мүмкүнчүлүгү чектелген эне

Бул чыгарылышыбыздын каарманы басуу мүмкүнчүлүгү чектелген чебер Нуркан Ысакова. Ал 53 жашта. Башынан көптөгөн сыноолорду өткөрүп, тагдырдын сыноолоруна сынбай, учурда курак курап, төшөк тигип, кыздарга сеп жасап бизнесин жүргүзүп келет. Кыйынчылыкка моюн сунбай, башкаларга үлгү болгон каарманыбыздын башынан өткөн тагдырын баяндайбыз.