Түркияда куткаруучуларга манты тараткан баткендик келин менен маек

Биздин бул жолку каарманыбыз Туркиядагы жер титирөөдө куткаруучуларга манты жасап барып кыргыз-казак интернет колдонучуларынын мактоосуна арзыган кыргызстандык келин Райхан Мудинова. Түркиянын Газиантеп шаарында жашаган ал кантип куткаруучуларга тамак жасап калганын, Түркиядагы мекендештердин абалы, өлкөдөгү азыркы кырдаал тууралуу сүйлөп берди.