“Түрмөдө жатканымда балдарымды көрсөтпөй койгончо, өлтүрүп эле коюшса болмок” дейт 8 баланын энеси

“Акыйкаттык издегендер” рубрикасынын бул жолку каарманы “мыйзамсыз камалып, 4 ай абакта отуруп чыктым” дейт. Каарманыбыздын айтымында анын жерлерин белгисиз адамдар басып алып, алдамчылык жолу менен башка бирөөлөргө сатып жиберишкен. Жер каарманыбыздын атында болгондуктан кылмыш иши анын атына козголуп, жаза алганын айтып ыйлады.