“Уулум SUPERTV’га чыккандан 6 күндөн кийин табылды” дейт оромо саткан Даниярдын апасы

Мындан 2 жыл мурда SUPERTV телеканалы оромо сатып, үй-бүлөсүнө жардам берген 12 жаштагы Данияр аттуу өспүрүмдүн баянын тарткан. Дал ошол каарманыбыздын апасы Гүлмира Мукамбетова 2 ай мурда уулунун дайынсыз жоголгонун айтып, маалыматтык колдоо сурап кайрылган. Видео жарыяланган соң Данияр аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Мукамбетова бул ирет Даниярдын мектеп-интернатка өткөрүлүп берилгенин, 9-наристеси шашылыш операцияга муктаж экенин айтты.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0706 87 87 89