“Уулумдун аракети менен эркиндикке чыктым” дейт ажодон жардам сураган баткендик Адилдин атасы

Эсиңиздерде болсо, былтыр Баткенде орун алган Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу биздин редакцияга Адил Абдурахимов аттуу 12 жаштагы бала кайрылган эле (видеону бул жерден көрүңүз: https://www.youtube.com/watch?v=jO6CZzy3Z8I
Ал чек арада жашоо кандай кыйын экенин, ошондой эле Орусиядагы атасы тажиктердин айынан камакта экенин айткан. Бул видеоматериал SUPERTV’га чыккандан кийин бийлик тарабынан реакция болуп, Адил президентке жолуккан. Мына ошол каарманыбыздын атасы бүгүнкү күндө эркиндикке чыгып, өз мекенине келди. Ал учурда Бишкек шаарында болгондуктан, биз Эсен Мажитов менен маек курдук. Толугу менен видеодон көрүнүз.