“Уулумдун өлүмүнө себепкер адамдардын баарын кечирдим” | аквапаркта каза болгон окуучусунун апасы

Үстүбүздөгү жылдын 6-июнь күнү Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Анын апасы Асел Азыкова мектеп, аквапарк жетекчиликтерине нааразы болуп, уулун жоктоп өксүп, жумурай журтту ыйлаткан эле.
2-июль күнү Асел Азыкова Түркияда жамбаш сөөгүнө операция жасатканы белгилүү болду. Ал 20-июлда Кыргызстанга кайтып келди. Бүгүн биздин чыгармачыл топ окуучунун апасынын учурдагы абалын билүү максатында кайрадан анын үйүнө барып келдик.