«Үстүбүздөн ок жаап, бир үйдөн 4 бала жаракат алды» дейт тажик тараптын кол салуусунан жабыркагандар

Тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган Максат айылынын тургундары “Жарадар болгон балдарыбызды көтөрүп алып эки тоонун ортосунда качып бараттык…” деп ошол апаатты эстеп айтып берип жатышты. Алардын бири Зайнап Исманалы кызынын 2 баласынын бутуна ок тийип, бир баласы бөйрөгүнөн жабыркаган. Алар борборго алынып келип, балдар ооруканасында операция жасалды. Учурда балдардын абалы орто.