“Зарыкканда” ырынын автору эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду

Акын, ырчы, комузчу, азыркы учурда хит болуп жаткан “Зарыкканда” ырынын автору Аскат Жетиген 16-мартта  48 саатка камакка алынган. Бүгүн, 18-мартта Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотту.