“Зордукталган карындашым терезеден боюн таштаган” | Акыйкаттык издеген ага

Болот Жаныбек уулу кабат үйдүн терезесинен жалгыз карындашы анын көз алдында боюн таштаганын айтат. Окуя 3 жыл мурда болгон. Жаныбек уулу бул окуя тууралуу айтып берүүгө жакында эле Сокулукта зордукталган 13 жашар кыздын окуясы түрткү болду дейт.