“Зордукталып, төрөдүм” деген 15 жашар эне баласын сурагандарга: “Башыма алтын куйсаңар да, бербейм”

29-июнь күнү SUPERTV телеканалы 15 жашар өспүрүмдүн тагдырын көрсөткөн (бул жерден көрүңүз:    • “Тиктоктон тааныш…   ) Анда ал “ТикТок социалдык түйүнү аркылуу таанышкан жигит зордуктап, андан балалуу болдум” деген эле. Видеоматериалда өспүрүмдүн атын Самара деп атаганбыз. Жүзүн көрсөткөн эмес. Арадан 2 жума өтүп, жаш эне бизди кайрадан үйүнө чакырды. Ал бул ирет жүзүн көрсөтүп, өз атын айтууну чечти. Ал бүгүнкү күндөгү акыбалын жана кыял-максатарын айтып берди.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номерлер: 0706 01 46 24 Айназик 0502 70 34 90 Асел апасы