Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары митингге чыгып, абактан бошотуу талабын койду

Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык сотунда Жогорку кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасы каралмак. Төрөбай Зулпукаров өзү сотко алынып келбегендиктен, сот отуруму 23-июлга калтырылды. Аны бошотуу талабы менен тарапташтары, жакындары сот имаратынын астында чогулушту.