Зулпукаровдун адвокаты анын камалышы тууралуу. «Бул Кумтөр боюнча эмес». Анда эмне үчүн?

“Кумтөр” боюнча суракка алынып, 2 айга камакка алынгандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров. Буга чейин саясатчынын тарапташтары аны бошотуу талабы менен митингге чыгышкан. 25-июнда анын жактоочулары депутатты кармоонун өзү мыйзамсыз экенин билдирип, маалымат жыйын беришти. “Жаңы Баш мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты кылмыш ишинин үстүндө кармалган учурда гана камоого болот. Эгер кылмыш иштин үстүндө кармалбаса, аны камоо үчүн башка депутаттардын макулдугу керек. Ал эми Төрөбай Закировичти камоо түздөн-түз Конституцияны одоно бузуу болуп жатат” дейт анын адвокаты.