Зулпукаровдун тарапташтары: «Төрөбай Садыр Жапаров көргөн күндү көрүп жатат»

23-июнда шаардык сот Жогорку Кеңештин депутаты, экс-вице-спикер Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын карап, буга чейин чыккан райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, жактоочулардын даттануусун орундаткан жок. Зулпукаров Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу коррупциялык иштерди тергөөнүн алкагында 31-майда УКМКга суракка чакырылып, андан соң кармалган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта. Буга байланыштуу эл өкүлүнүн тарапташтары, белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер бийликке кайрылып, Зулпукаровду камакка алуу мыйзамсыз экенин айтып, ага кошумча анын буга чейин мамлекет, эл үчүн жасаган иштерин эске алуусун суранышкан.