11 жаштагы окуучу мектепте каза болду. Табышмактуу өлүмгө ким күнөөлүү?

Ушул жылдын 11-март күнү Бишкектин четиндеги Келечек жаңы конушунда жайгашкан №87 мектебинде сабак учурунда 11 жаштагы Гүлзейнеп Галбаева жүрөгү токтоп каза болгон. Биз маркумдун жакындары, мектептин кызматкерлерине барып, окуянын чоо-жайын, тараптардын версияларын уктук.