“62 жаштагы жездем эки жылдай зордуктады. Эжем мени күнөөлөп жатат” дейт 16 жаштагы өспүрүм кыз

Кечээ, 6-июлда Чүйдө 2005-жылы туулган кыз 13 жашынан бери жездеси тарабынан зордукталып жүргөнү тууралуу кабар элге желдей тарады. Эки жылдан ашык убакыттан бери жездесинин зордугунан жабыр тартып келген кыз, анын апасы жана анын жактоочусу редакциябызга келип окуя боюнча айтып берди. Жабырлануучу жездеси кол салгандан кийин арманын кимге айтууну билбей, өз өмүрүнө кол салганга чейин барган.